Кыргызстандык космонавттын атын алып жүргөн мектепте Космонавтика күнү белгиленди (фото)

Кыргызстандык космонавттын атын алып жүргөн мектепте Космонавтика күнү белгиленди (фото)

Билим АКИpress - Кечээ, 12-апрелде Өзгөн шаарындагы С.Шарипов атындагы орто мектебинде Космонавтика күнү белгиленди. Окуучулар телефон аркылуу Салижан Шариповду майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу аталган мектептин директору Айсулуу Ходжахунова билдирди.

Бул мектеп 20 жылдан бери Кыргызстандан чыккан алгачкы космонавт Салижан Шариповдун атын алып жүрөт.

«Биздин мектеп мурун Фрунзе атындагы мектеби болуп келген. 1998-жылы 4-апрелде Салижан Шарипов космоско учкандан баштап, биздин мектеп атын алып жүрөт. Биз атайын окуучулар арасында 1 жума «Космос жумалыгын» өткөрдүк. Кечээ, 12-апрель күнү салтанаттуу түрдө бул күндү окуучулар менен биргеликте белгиледик. Салижан Шариповго арналган ырларды айтып, сүрөт сынактарынан жеңген окуучуларга Ардак грамоталарды тапшырдык. Андан соң Салижан Шарипов менен окуучуларды телефон аркылуу байланыштырып, майрамы менен куттуктадык. Ал да биздин окуучуларды майрамы менен куттуктады», - деди мектептин директору А.Ходжахунова.

Аталган мектепте жалпы 2 миң 128 окуучу билим алат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up