Ат-Башыдагы К.Карпеков мектебинин окуучусу облустук спартакиаданын чемпиону болду (фото)

Ат-Башыдагы К.Карпеков мектебинин окуучусу облустук спартакиаданын чемпиону болду (фото)

Билим АКИpress - Нарын шаарында өткөн окуучулардын облустук спартакиадасында Ат-Башы районунун окуучусу Сезим Калыкова алыскы аралыкка чуркоо боюнча чемпиондук наамды жеңип алды. Ал спартакиаданын алкагында кыздар арасында 1 миң 500 метр аралыкты 6 мүнөт 24 секундада чуркап өтүп, 1-орунду камсыз кылды.

Учурда Сезим К.Карпеков атындагы орто мектебинин 8-классында окуйт. Ага Облустук балдар жана уландар спорт мектебинин 1-даражадагы диплому жана алтын медалы тапшырылды. Ошондой эле спартакиаданын республикалык туруна катышууга жолдомо берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up