2017-жылдын мыкты студенти Адина кол күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондугунда 2-орунду ээледи

2017-жылдын мыкты студенти Адина кол күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондугунда 2-орунду ээледи

Билим АКИpressүлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Кара-Буура районуна караштуу Молдо-Асан айылынын 20 жаштагы тургуну Адина Мамышова. Ал кол күрөш менен алектенип, ийгиликтерди жаратып келүүдө.

«Мектепте окуп жүргөн кезимде эркин күрөш менен алектенсем, азыркы учурда кол күрөш жана таяк тартыш менен алектенем. Адам баласы дүйнөнү билим, спорт жана акчасы менен тааный алат экен.

Учурда Талас мамлекеттик университетинин Табият таануу жана педагогика факультетинин математика адистигинде 3-курста окуйм. Студенттик күндөргө алгачкы кадам таштаганда эле окуу жайда ден соолук күнү болуп, ошондо факультеттер арасында 800 метр аралыкка чуркоо боюнча 2-орунду алгам. Ошондон тарта көптөгөн иш-чараларга катышып, ийгиликтерге жетиштим. 2017-жылы «Жылдын мыкты студенти» наамына ээ болдум. 2017-жылы кол күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондугунда 3-орунду, 2018-жылы 2-орунду алдым», - деп айтып берди ал.

«Учурдан пайдаланып, спорттун көзүн ачып берген алгачкы устатым Кудайбергенов Сатыбалды агайга жана азыркы устатым Жоробеков Нурлан агайга терең ыраазычылык билдирем», - деп кошумчалап кетти Адина.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up