Аксынын эң мыкты мугалими аныкталды

Билим АКИpress - Аксы райондук билим берүү бөлүмү тарабынан «Жыл мугалими - 2018» кароо-сынагы өткөрүлдү. Сынакка аймактарда жеңүүчү болгон 6 мугалим катышып, өз предмети боюнча сабак өтүшүп, долбоор жакташты жана тесттик суроолорго жооп беришти.

Сынактын жыйынтыгында Кербен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Жоробаева Айгүл 1-орунду багындырып, облустук сынакка катышууга жолдомо алды. Ошондой эле Ардак грамота менен сыйланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up