Аксыда «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагынын райондук туру өттү

Аксыда «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагынын райондук туру өттү

Билим АКИpress - 14-апрель күнү Аксы районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия мектебинде «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагынын райондук туру болуп өттү.

Сынакка райондун аймактарынан жеңүүчү болгон 7 мектептин командалары катышты. Катышуучулар «марш тебүү», «жол белгилеринин билерманы», «үгүт бригада», «жаш тескөөчү», «дубал гезиттер» деген багыттар боюнча ат салышты.

Жыйынтыгында 1-орунду Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия-мектебинин командасы, 2-орунду Т.Уметалиев атындагы мектебинин командасы жана 3-орунду У.Турдубаев атындагы орто мектебинин командасы ээлешип, Аксы РИИБинин жана Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Жеңүүчү аталган Ж.Бөкөнбаев атындагы мектебинин командасы облустук сынакка катышууга жолдомо алды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up