Кош-Дөбө айылындагы мектепте «Жыл мугалими – 2018» сынагы болуп өттү (фото)

Кош-Дөбө айылындагы мектепте «Жыл мугалими – 2018» сынагы болуп өттү (фото)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинде «Жыл мугалими – 2018» сынагы болуп өттү.

Сынакта 7 тапшырма берилип, 7 предмет боюнча кыргыз тили жана адабияты мугалими Чылабаева Ширинкан, англис тили мугалими Касымова Гүлзина, орус тили жана адабияты мугалими Абдрахманова Асел, физика мугалими Нусупова Чынара, башталгыч класстын мугалими Ажыбаева Элиза, тарых мугалими Бакасова Майрам, биология мугалими Жумагулова Манзура катышып, күч сынашты.

Сынакта мугалимдер төмөнкү тапшырмаларды аткарышты:
1. «Менин педагогикалык философиям»;
2. «Бир сабактын фрагментин көрсөтүп берүү»;
3. «Өзгөчөлөнгөн кыймылдуу көрсөтмө курал»;
4. «Хобби»;
5. «Кызыктуу мүнөт»
6. «Портфолио»;
7. «Мугалимдин иш тажрыйбасы».

Сынак жогорку деңгээлде өтүп, жыйынтыгында 1-орунду англис тили мугалими Касымова Гүлзина багындырды. Ал эми 2-орунду башталгыч класстын мугалими Ажыбаева Элиза жана 3-орунду тарых мугалими Бакасова Майрам камсыз кылышты. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылып, громаталар ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up