Ак-Талаадагы мектепте мугалимдер арасында райондук КВН уюштурулду

Ак-Талаадагы мектепте мугалимдер арасында райондук КВН уюштурулду

Билим АКИpress - Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы Э.Мейманов атындагы орто мектебинде 13-апрель күнү мектеп жана бала бакча кызматкерлеринин арасында райондук деңгээлде КВН уюштурулду.

КВН «Ааламга жол билимден башталат» аталышында өтүп, мугалимдин өнөрү, аткаруу чеберчилиги, өзүн сахнада алып жүрүүсү каралып, 6 тапшырманын негизинде күч сынашты.

Тапшырмаларга ылайык, кызыктуу номурлар аткарылды. Жыйынтыгында Жеңиш айылынан келген команда 1-орунду камсыз кылды. 2-орунду Кош-Дөбө айылынын Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты алып, акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up