Жалгыз-Теректеги мектептин окуучулары «Ордо» оюну боюнча облустук спартакиадада 2-орунду камсыз кылышты

Жалгыз-Теректеги мектептин окуучулары «Ордо» оюну боюнча облустук спартакиадада 2-орунду камсыз кылышты

Билим АКИpress - Нарын районуна караштуу Жалгыз-Терек айылындагы Рысбек Усубалиев атындагы орто мектебинин окуучулары кыргыздын улуттук «Ордо» оюну боюнча өткөрүлгөн облустук спартакиадада 2-орунду камсыз кылып, байгелүү кайтып келишти. Бул тууралуу аталган мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Саламат Абдыбилиев маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, команда 8 окуучудан туруп, аны дене тарбия мугалимдери Молдарынов Айбек жана Аккулаков Жыргалбек агайлар жетектеп барып, райондун намысын коргоп келишти.

Окуучулар 2-даражадагы дипломдор жана медалдар менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up