Өзбекстан менен Баткен облусу билим берүү тармагындагы кызматташууну бекемдейт (фото, видео)

Билим АКИpress - Бүгүн, 17-апрелде Баткен билим берүү тармагында кыргыз-өзбек мамилесин бекемдөө максатында Өзбекстандын Фергана облусунунун акиминин орун басары Шерзод Фазилидинович баштаган делегация Баткен мамлекеттик университетинде жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда буга чейин бир да жолу мындай эки тараптуу жолугушуу болбогону айтылды. Шерзод Фазилидинович мындан ары 2 өлкө ортосунда билим берүү жаатындагы кызматташууну бекемдөө жана жөнгө салуу тууралуу кеп козгоп, анын жолдору тууралуу айтып берди.

Ошондой эле кыргызстандык окуучулар Өзбекстанда же өзбекстандык жарандар БатМУда окугусу келсе, биргеликте колдоо көрсөтүү керектиги айтылды.

Учурда БатМУда 1 жылдык келишимдик акы 17 миң сомдон 22 миң сомго чейинки сумманы түзөт. Учурда окуу жайды 600 студент билим алууда.

Өзбек тарап кыргыздарды конокко чакырып, өздөрү кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up