3 жаштагы алайлык Элина 3 тилде сүйлөп, мамлекеттердин борбор шаарларын жатка билет (фото, видео)

3 жаштагы алайлык Элина 3 тилде сүйлөп, мамлекеттердин борбор шаарларын жатка билет (фото, видео)

Алайлык Шамырбекова Элина Эрлановна 3 жарым жашта. Ал учурда Шымкеннтеги бала бакчалардын бирине барат. Элина бош убактысында бир нерсе жаттаганды аябай жакшы көрөт. Ар дайым апасынан «мага бүгүн эмне үйрөтөсүң?» деп сурап турат. Апасынын айтымында, бала бакчадагы тарбиячылары да кабыл алуусу жакшы деп, ар дайым майрамдарда жаттаганга ыр беришет, ачык сабактарга катыштырып турушат. Кыскача айтканда, ал ойногонго караганда бир нерсе жаттаганга кызыгат.

Кичинекей Элина жөнүндө апасы Акылай айтып бермекчи.
«Элина 1 жашында бала бакчага барган. Ошол кезде аз убакытта Кыргызстандын гимнин үйрөнүп келип, бизди кубанткан эле. Ошодон баштап ыр жаттатууга өткөнбүз. Андан сырткары, сүрөт тартууга кызыгат. Колуна калем алып, ырдаганча чиймелеп отура бермейи бар. Учурда кыргыз, казак, орус тилдеринде сүйлөйт. 30 мамлекеттин борборун так билет, учурда дагы 30ду жаттап жатат. Түстөрдү жана тамгаларды дээрлик 80% билет. Өлкөлөрдүн борбор шаарларын 1 жума кайталатып, ошол бойдон 1 ай сураган жокпуз. 1 айдан кийин сурасак, эсинде калыптыр.

Элина зирек, боорукер жана таарынчаак. Мультфильмден бирөөнүн ыйлаганын көрсө, өзү кошо ыйлап алчудай болот. «Маша жана аюу» мультфильминдеги Машанын сөздөрүнө чейин жаттап алган. «Свинка пеппа», «Герой в масках», «Пони», «Медведи-соседи» деген мультфильмдерди аябай жакшы көрөт.

«Келечекте дарыгер болом, оорусаңар карайм деп, кээде милиция болуп, жаман балдарды камайм» деп айтып калат.

Атасы Эрлан, апасы Акылай. Ош областынын Алай районунан болобуз. Учурда (1 жарым жылдан бери) Казакстанда жашап, соода менен алектенебиз. Элина улуу кызыбыз. Андан кийин 7 айлык уулубуз бар. Мен балам менен үйдөмүн», - деп айтып берди Элинанын апасы.

Жазган: Ош шаарындагы С.Киров атындагы №4 орто мектебинин мугалими Гүлзина Манасова.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу балдар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up