Кара-Буурада окуучулар арасында кылмыштуулук, суицид боюнча форум болуп өттү

Билим АКИpress - Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылындагы Ж.Субанбеков атындагы орто мектебинде окуучулар арасында кылмыштуулук, суицид боюнча форум өтүп, ага райондогу жалпы 26 мектептен 100дөн ашык окуучу катышты.

Иш-чарада мектептеги кылмыштуулук, рэкетчилик боюнча талкуу жүрүп, окуучулар сунуштарын айтышты. Суициддин алдын алуу боюнча театрлаштырылган сценкалар коюлуп, статистикалык маалыматтар берилип, лекциялар окулду. Мындай форум окуучулар арасында биринчи жолу уюштурулуп жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up