Кадамжайдагы лицейдин окуучулары Астанадагы англис тили боюнча дебатта алдыңкы орундарды багындырышты

Кадамжайдагы лицейдин окуучулары Астанадагы англис тили боюнча дебатта алдыңкы орундарды багындырышты

Билим АКИpress - Кадамжайдагы лицейдин окуучулары 2018-жылдын 29-31-мартында Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн англис тили боюнча дебатка («The World Scholar's Cup, Astana Round») катышып, алдыңкы орундарды багындырышты.

Лицейдин атын 12 окуучу коргоп, алар 1-2-3-орундарды алышып, алтын, күмүш жана коло медалдарды тагынышты. Бул дебат бардык катышуучуларга кийинки ийгиликтерге жетишине чоң тажрыйба боло алат. Дебатта жалпы 680 катышуучу ат салышты.

Кадамжай лицейинен эл аралык дебатка катышкан окуучулар:
- Жетекчилер: Нурсултан Садыков, Бекжан Жакшылыков;
- 7-класстын окуучулары Аширали уулу Эрболот, Назарбеков Алихан, Шарапов Улар;
- 8-класстын окуучулары Махмуталиев Эрболот, Алтымышов Эрланбек, Тойчуев Нурсейит, Абдибахапов Мирланбек, Осмонов Оомат, Балтабаев Медербек, Султаналиев Медербек, Ибрагимов Эрлан, Эмилбеков Арген.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up