Аксыдагы Ж.Бөкөнбаев мектебинин окуучуларына кылмыштуулук, суицид боюнча түшүнүк берилди

Билим АКИpress - Аксы районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия мектебинин окуучулары «Аракечтик. Кылмыштуулук. Суицид» темасы боюнча Аксы РИИБинин ЖОИИнын тескөөчүсү К.Нурдинов жана Аксы райондук медициналык борборунун дарыгери АүНаркуловадон түшүнүк алышты.

Мектептин соцпедагогу уюштурган бул жыйында аракечтик, тамеки тартуу, баңги заттардын ден соолукка тийгизген терс таасири, бул адаттардын арты кылмыш экендиги жана өспүрүмдөр арасында суидциддердин болуп жаткандыгы, мындай көрүнүштөрдөн оолак болуу керектиги окуучуларга адистер тарабынан айтылды. Ар бир класска темалар боюнча баракчалар таратылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up