Нарындагы М.Кенжакунов мектебинин окуучусу Айганыш облустук мелдеште күмүш медаль тагынды

Нарындагы М.Кенжакунов мектебинин окуучусу Айганыш облустук мелдеште күмүш медаль тагынды

Билим АКИpress - Аймактарды өнүктүрүү жылына карата үстөл үстүндөгү теннис боюнча окуучулардын облустук спартакиадасында Нарын районундагы М.Кенжакунов атындагы орто мектебинин окуучусу Айганыш Шалдырбекова байгелүү 2-орунду камсыз кылды. Ага облустук спартакиаданын 2- даражадагы диплому жана күмүш медаль тапшырылды.

Айганыш бош убактысында спорт менен машыгып, райондук, облустук, республикалык мелдештерге катышып, ийгиликтерге жетишип келет. Өткөн жылы облустун курама командасы менен республикалык мелдешке катышып, байгелүү кайткан. Ошондой эле физика сабагы боюнча олимпиадага катышып, алдыңкы орундарды камсыз кылат. Анын спорттогу ийгилигине дене тарбия мугалими Сабыров Акылдын эмгеги чоң. Айганыш 3 жылдан бери спорттун бул түрү менен машыгат.

WhatsApp Image 2018-04-19 at 11.13.48

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up