Баткен районунун эң мыкты мугалими аныкталды (фото)

Баткен районунун эң мыкты мугалими аныкталды (фото)

Билим АКИpress - Бүгүн, 20-апрелде Баткен районунда «Жыл мугалими – 2018» кароо сынагы болуп өттү. Ага зоналдык сынакта жеңүүчү болгон 7 мугалим катышты.

Сынак 2 этап менен өтүп, бардык катышуучулар өздөрүнүн мыкты даярдыктарын көрсөтүшүп, калыстар үчүн жеңүүчүлөрдү тандоо кыйынга турду. Курч таймашта катышуучулар мыкты сабактарды өтүшүп, өздөрүн чыгармачылык менен тааныштырып, жумуштан сырткаркы хоббилерин көрсөтүшүп, ырдап-бийлеп, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты.

Жыйынтыгында Ш.Токсонов атындагы орто мектептин башталгыч классынын мугалими Бактыгүл Козубаева 1-орунду багындырып, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 1-даражадагы диплому жана муздаткыч менен сыйланды. Ошондой эле «Эң мыкты сабактын автору» номинациясына татыктуу болуп, баалуу белекке ээ болду.

Ал эми 2-орунду камсыз кылган Кара-Токой гимназия мектебинин математика мугалими Алибаева Салтанат 2-даражадагы диплом жана сыналгы менен сыйланды. 3-орунду Б.Ходжаев атындагы орто мектебинин тарых мугалими Өмүрова Шарапат алып, 3-даражадагы диплом жана баалуу белек алды. Мындан сырткары, «Мугалим-эрудит» номинациясынын жеңүүчүсү болду.

Т.Садыков атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Запарали кызы Буанипа «Келечектен көптү үмүттөндүргөн мугалим» деп табылды.

Калган катышуучулар да сынакка активдүү катышкандыгы үчүн Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышып, Кесиптик бирлик тарабынан бардык катышуучуларга Ысык-Көлгө эс алууга акысыз жолдомо бериле турган болду.

Райондук сынактын жеңүүчүсү Бактыгүл Козубаевага «Жыл мугалими – 2018» кароо-сынагынын облустук туруна катышууга жолдомо берилди.

Аталган сынак жыл сайын Баткен райондук мамлекеттик администрациясы, Баткен райондук билим берүү бөлүмү жана билим берүү кызматкерлеринин Кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан уюштурулуп, өткөрүлүп келет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up