Кол өнөрчүлүк менен алектенген Алиман келечекте чет өлкөгө чейин тараган буюмдарды чыгарсам дейт (фото)

Кол өнөрчүлүк менен алектенген Алиман келечекте чет өлкөгө чейин тараган буюмдарды чыгарсам дейт (фото)

Билим АКИpress үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Талас районунун Талды-Булак айылындагы Муратбек Туйтунов атындагы Бакай-Таш орто мектебинин 11-классынын окуучусу Бейшебаева Алиман. Ал кийизден ар кандай буюмдарды жасап, кол өнөрчүлүк менен алектенип келет.

«Мен 11-класстын окуучусу болом. Мектепте эң жакшы деген бааларга окуйм. Окуудан тышкары, көл өнөрчүлүк менен алектенип келем. Мага, негизи, кийиз менен иштөө жагат. Азыркы жаштардын баары интернет менен убакыт өткөрүп калбадыкпы. Кийиз менен иштөө унутта калып бараткансыйт. Бизге кол эмгек сабагынын берген Кулубаева Зинакан эжебиз көп нерселерди үйрөтөт. Биз мурда курак курап, куурчактарга кийим тигүү менен алектенсек, азыркы учурда кийиз менен иштеп жатабыз. Мен тиккен буюмдар көрсөтмөлөргө чыггып турат.

Анча чоң нерсе жасабасам да, кыздар көтөрүп жүргөнгө сумка, телефон салгычтарды жана башка нерселерди чыгарып турам. Албетте, бул жагынан мугалим эжелерим колдоп, жардам беришет.

«Буйруса, окуумду ийгиликтүү аяктап, бир кесиптин ээси болсом деген максатым чоң. Андан тышкары, кийиз дүйнөсү менен иштешип, мындан да жакшы нерселерди жасап, чет элдиктерге чыгарсам дейм», - деп айтып берди ал.

Алиман үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Жазган: Боо-Терек айылындагы Б.Сатыбеков атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу АЗИМХАН МАРАТОВ.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up