Нарын шаарынын боксчулары облустук спартакиадада биринчиликти багындырышты

Нарын шаарынын боксчулары облустук спартакиадада биринчиликти багындырышты

Билим АКИpress - Нарындагы окуучулар арасында өткөн облустук спартакиадада Нарын шаарынын боксчулары командалык эсепте 1-орунду камсыз кылышты. 2-3-орундарды Кочкор менен Жумгал райондорунун командалары ээлешти.

Спартакиаданын жүрүшүндө Нарын шаарынан 9 спортсмен жеңишке жетишти. Алар: Бекбосун уулу Элдос, Нурбеков Арген, Алыбаев Нурсултан, Теңдиков Бекзат (1-орунду), Узак уулу Аман, А.Афанасьев, Нурбеков Сайирлан, Кыдырмаев Рыскелди (2-орун).

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылды. Ошондой эле Нарын облустук олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар, өспүрүмдөр мектебинин Кубогу менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up