Кочкорлук волейболчу кыздар республикалык спартакиадада облустун намысын коргойт

Билим АКИpress - Кочкор районунун К.Кыдырлиев атындагы орто мектебинин окуучулары облустук спартакиаданын финалдык оюнунда Ат-Башыдан келген атаандаштарын жеңилүүгө аргасыз кылып, 1-орунду камсыз кылуу менен облустун чемпиондугун жеңип алышты.

Эми алар республикалык спартакидада Нарын облусунун намысын коргошот. Калыстардын колунан 1-даражадагы диплом алып, команданын ар бир оюнчусу алтын медаль тагынды. Ошондой эле Кубок тапшырылып, республикалык спартакиадага катышууга жолдомо берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up