Р.Усубалиев мектебинин окуучулары жеңил атлетика боюнча облустук спартакиадада ийгилик жаратышты

Р.Усубалиев мектебинин окуучулары жеңил атлетика боюнча облустук спартакиадада ийгилик жаратышты

Билим АКИpress - Нарын районундагы Жалгыз-Терек айылындагы Рысбек Усубалиев атындагы орто мектебинин окуучулары спорт тармагында бир катар жетишкендиктерге жетишип, 1 окуучу республикалык спартакиадага жолдомо алды. Бул тууралуу аталган мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Саламат Абдыбилиев маалымдады.

Облустук жеӊил атлетика боюнча спартакиадада аталган мектептин окуучуларын дене тарбия мугалимдери Молдарынов Айбек жана Аккулаков Жыргалбек даярдаган.

Облустук турга төмөнкү окуучулар катышып, диплом, грамота ошондой эле медалдар менен сыйланышты:
1. Ахматбаев Ыйман 100 метр аралыкка чуркоо боюнча I орун – 11-класс;
2. Субанбек уулу Жоодар 200 метр аралыкка чуркоо боюнча IV орун – 10-класс;
3. Жаныбеков Элдияр 400 метр аралыкка чуркоо боюнча IV орун – 11-класс;
4. Ахматбаев Ыйман күүлөнүп узундукка секирүү боюнча II орун – 11-класс.

Республикалык жеӊил атлетика спартакиадасына жолдомо алган Ахматбаев Ыйманга ийгилик каалоо менен линейканын жүрүшүндө сыйлыктар тапшырылды.

Мындан сырткары, мектеп жетекчилигинин атынан да дипломдор даярдалып, катышкан окуучуларга ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up