Бишкек шаарынын эң мыкты мугалимдери аныкталды

Бишкек шаарынын эң мыкты мугалимдери аныкталды

Билим АКИpress - Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2018-жылдын 18-апрелинен 20-апрелге чейин №67 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясында жыл сайын өтүүчү «Жүрөгүмдү балдарга берем — 2018» аттуу мугалимдердин кесиптик чеберчилик сынагы өттү.

Иш-чаранын максаты — талантуу жана чыгармачыл иштеген мугалимдерди аныктоо жана аларга түрткү берүү, алардын кесиптик потенциалын өнүктүрүү, педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу жана мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин билим-тарбиялык ишине дем берүү.

Сынактын биринчи этабы төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлдү:
- «Жылдын мыкты мугалими»;
- «Мыкты жаш мугалим»;
- «Эң мыкты класс жетекчи»;
- «Жылдын мыкты тарбиячысы».

Биринчи этаптын жыйынытыгы менен төмөнкүлөр жеңүүчү болду:

«Мыкты мугалим» номинациясында:
- 1-орун — Давлеталиева Элмира Шамшыбековна, №67 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими;
- 2-орун — Асел Эркинбекова, №20 мектеп-гимназиясынын башталгыч классынын мугалими;
- 3-орун — Айзада Нургазиева, №68 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими.

«Мыкты жаш мугалим» номинациясында:
- 1-орун — Саалы кызы Ноорузган, №68 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясынын башталгыч классынын мугалими;
- 2-орун — Нуриза Медетбекова, №6 мектеп-гимназиясынын англис тили мугалими;
- 3-орун — Анаркүл Арабаева, №64 мектеп-гимназиясынын физика мугалими.

«Эң мыкты класс жетекчи» номинациясында:
- 1-орун — Махабат Айдаралиева, №66 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясында класс жетекчи;
- 2-орун — Кымбат Айтиева, №67 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясында класс жетекчи;
- 3-орун — Добулбек Асанканов, №5 Улуттук компьтердик гимназияда класс жетекчи.

«Мыкты тарбиячы» номинациясында:
- 1-орун — Венера Халитова, №100 бала бакча (Свердлов району);
- 2-орун — Елена Буглак, №47 бала бакча (Биринчи Май району);
- 3-орун — Оксана Улещук, №31 бала бакча (Биринчи Май району).

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up