Алайда кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин облустук семинары болуп өттү

Алайда кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин облустук семинары болуп өттү

Билим АКИpress - 2018-жылы 21-апрелде Алай районундагы Э.Мурзаев атындагы орто мектептин базасында Аймактарды өнүктүрүү жылына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Ч.Айтматов – адабияттын акылман сүрөткери» аттуу кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин облустук семинары болуп өттү.

Ош билим берүү институтунун кабинет башчысы Ч.Раимбекованын маалыматына ылайык, семинардын максаты – Алай районундагы чыгармачыл кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин жаш муундарга Ч.Айтматовдун чыгармаларын окутуудагы алдыңкы тажрыйбаларын облустук масштабда жайылтуу, аймактардагы мугалимдердин усулдук базасын чыңдоо, жакындан жардам көрсөтүү, тажрыйба алмашуу, ой-пикирлерди талкуулоо.

Аталган семинарга Ош облусунун бардык аймактарынан 80 мугалим катышып, 8 мугалимдин тажрыйбалары жайылтылды.

Семинарда өтүлгөн сабактардын, коюлган класстан тышкаркы иш-чаралардын баарында Ч.Айтматовдун өмүрүн, чыгармачылыгын жана чыгармаларын окутуу маселелери камтылып, семинардын катышуучуларынын мыкты сунуш-пикирлерин жарата алды.

Өздөрүнүн тажрыйбаларын, мастер-класстарын көрсөткөн Алай районундагы Э.Мурзаев атындагы орто мектептин мугалимдери Динара Алтымышова, Абдымомунова Айнара, Сапанова Айназик сабактарында элдик педагогиканы, баалуулуктарды, таалим-тарбияны Ч.Айтматовдун чыгармалары менен айкалыштырып өткөндүгү, К.Султанов атындагы орто мектептин мугалими Бегалиева Толкун илимий-изилдөөчү эксперименти сабакта колдонгондугу, А.Жээнбеков атындагы орто мектептин мугалими Бакыева Анафиянын сабагы прозаны поэзияга айландырганы, М.Адышев атындагы орто мектептин мугалими Камалова Наргизанын интерактивдүү усулдарды ыктуу колдонгону, Ж.Алимов атындагы орто мектептин мугалими Карыева Аиданын чыгармага сюжеттик-композициялык талдоону мыкты жүргүзгөндүгү, Парманас орто мектебинин мугалими Саламатова Асылгүлдүн окуучулардын оозеки сүйлөө кебин өнүктүрүүгө басым жасап өткөрүлгөндүгү менен көпчүлүк катышуучлардын эң жакшы пикирлерине татыды.

Алар Ош билим берүү институтунун грамотасы жана Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары менен сыйланышты.

«Мектептин окуучулар жамаатынын демилгеси менен уюштурулган класстан тышкаркы иш-чарада Ч.Айтматовдун дээрлик бардык чыгармаларынан сахналык көрүнүштөр тартууланып, көрүүчүлөрдү бир топ ойлонууга түрткү берди, бирде көзгө жаш алдырса, бирде жылмаюу тартуулай алышты», - деди Ч.Раимбекова.




Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up