«Бөбөкжан» бала бакчасынын бөбөктөрү койгон «Ак Кеме» чыгармасы мыкты деп табылды (фото)

«Бөбөкжан» бала бакчасынын бөбөктөрү койгон «Ак Кеме» чыгармасы мыкты деп табылды (фото)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Панфилов районундагы 5 бала бакчанын тарбиялануучулары улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарышты. Алардын ичинен «Бөбөкжан» бала бакчасынын бөбөктөрү койгон «Ак Кеме» чыгармасынан үзүндүсү мыкты деп табылып, районго жөнөтүлдү. Бул тууралуу аталган бала бакчанын директору Үсөнмамыт кызы Токтокан билдирди.

«Биздин бала бакчада «Чыӊгыз Айтматов – балдар дүйнөсүндө» аттуу облустук семинар болуп өттү. Анда 5 бала бакчадан жетекчилер, тарбиячылар жана тарбиялануучулар келип, Ч.Айтматовдун «Ак кеме», «Атадан калган туяк», «Саманчынын жолу», «Биринчи мугалим» жана башка чыгармалары балдар дүйнөсүндө жаӊырды.

Алардын ичинен биздин балдар аткарган «Ак-Кеме» чыгармасынан үзүндүсү мыкты деп табылып, районго жолдомо алдык. Үзүндүнү аткарууда башкы каармандын ролун 6 жаштагы Данияр Сабылатов аткарды», - деди бала бакчанын жетекчиси.

Семинарга Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Арыков Талант Каналбекович, Чүй облусунун райББнүн мектепке чейинки мекемелеринин жетекчилери катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up