Нарындык 2 окуучу Москвадагы эл аралык олимпиадада кубок менен коло медалды багындырышты

Нарындык 2 окуучу Москвадагы эл аралык олимпиадада кубок менен коло медалды багындырышты

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын 2 окуучу кызы Москва шаарында өткөн «ИнтеллекТ» XX эл аралык олимпиадасында байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу 24-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

«21-апрелде Нарын шаарындагы Чкалов атындагы №2 мектеп-гимназиясынын 11 адамдан турган командасы аталган олимпиадага катышты. Жыйынтыгы: бардык 11 окуучу тең ар кандай номинацияларда жеңүүчү болушту. Ал эми 5-класстын окуучусу Шарипова Дарина 5-6-класстар арасында 1-орунду багындырып, жеңүүчүнүн кубогун жана баалуу белек катары электорндук китепти утуп алды. 9-класстын окуучусу Тилембаева Айжамал 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды», - деп билдирди изилдөө жана методология иштери боюнча директордун орун басары, эл аралык билим берүү программаларынын координатору Ольга Лепеева.

Олимпиада дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 300 окуучуну чогултту. Иш-чарага Канада, Мальта, Түштүк Корея, Кытай, Латвия, Литва, Украина, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Россия жана Кыргызстандан 2-11-класстардын окуучулары катышты.

Ольга Лепеева маалымдагандай, олимпиаданын катышуучулары базалык орус жан англис тилдери, математика, химия, физика, биология, география жана тарых сабактары боюнча өздөрүнүн интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн, ошондой эле музыка, хареография, көркөм өнөр, дене тарбиядагы жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү.

Ар бир жаш куракта 18-20дан бала ат салышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up