Баткенде окуучулардын улуттук күрөш боюнча спартакиадасы жыйнтыкталды

Билим АКИpress - Баткен облусунда окуучулар арасында улуттук күрөш боюнча спартакиада болуп өттү. Бул тууралуу машыктыруучу Азим уулу Куштарбек билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-апрель күнү Баткен шаарында спорттүн улуттук күрөш түрү боюнча облустук мелдеш болуп өттү. Ага Баткен облусунун аймагындагы район, шаарлардан 100дөн ашуун балбандар катышты. Алар 40, 44, 48, 52, 57, 62, 69, 76, 80, 80+ кг салмактар боюнча таймашты.

Жыйынтыгында 1-2-3-орундарды алган спотчулар Баткен облустук олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби тарабынан диплом, грамоталар менен сыйланыштып, республикалык олимпиадага катышууга жолдомо алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up