«Ак-Буура» орто мектебинде «Келгиле, окуйбуз!» долбоору боюнча семинар өткөрүлдү

Билим АКИpress - «Ак-Буура» орто мектебинде «Келгиле, окуйбуз!» долбоору боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин директору Зульфия Сүйүнова билдирди.

«USAID уюму тарабынан уюштурулган «Келгиле, окуйбуз!» долбооруна катышып, семинар өткөрдүк. Семинарда башталгыч класстын мугалимдери ачык сабактарды жана класстан тышкаркы иш-чараларды өтүштү. Иш-чаранын максаты — долбоорду ишке ашыруу, окуу жөндөмүн күчөтүү, башталгыч класстардын мугалимдеринин билимин анализдөө, ата-энелерди, коомчулукту долбоорго катыштыруу, окуучулардын билим деңгээлин көтөрүү.

Семинарга долбоордун тренери Урустамбаева Жылдыз, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн социалдык адиси Мухамбетова Кулпунай, Сайдиев атындагы орто мектебинин директору Алимбүбаева Топчукан жана коңшу мектептердин башталгыч классынын мугалимдери менен китепканачылары катышты», - деди директор.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up