Кош-Дөбө айылындагы мектептин окуучулары ачык асман алдында китеп окушту

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин 6-класстагы окуучулары Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата «Ачык асманда» китеп окуу иш-чарасын өткөрүштү.

Иш-чаранын максаты — ата-энелер менен байланышты күчөтүү, китеп окуу менен эске тутуу жөндөмдөрүн калыптандыруу.

Ата-энелер өздөрү жактырган чыгармалардан даярдап келип, окуп беришти. Ал эми балдар уккан чыгармаларын кайрадан сахналаштырып аткарышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up