Жерге-талдык окуучу облустук спартакиадада 2 алтын жана 1 күмүш медаль тагынды (фото)

Жерге-талдык окуучу облустук спартакиадада 2 алтын жана 1 күмүш медаль тагынды (фото)

Билим АКИpress - Нарын районундагы А.Табалдиев атындагы орто мектебинин окуучусу Жыргал Тилеген кызы мектеп окуучуларынын облустук спартакиадасында жеңил атлетика боюнча өзүнүн спорттогу мыкты даярдыктарын көрсөтүп, 2 алтын жана 1 күмүш медаль алууга жетишти. Ал 400 метр аралыкка чуркоодо жана 100 метр аралыктагы эстафетадан 1-орунду камсыз кылып, 100 чакырым аралыкта чуркоодо 2-орунду ээледи. Калыстардын колунан 1-даражадагы 2 диплом, 2-даражадагы диплом жана 2 алтын, 1 күмүш медаль алды.

Жыргал учурда 9-класста билим алат. Мектептин коомдук иштерине активдүү катышып, өзүн үлгүлүү окуучу катары алып жүрөт. Бош убактысында спорт менен машыгат. 2 жылдан бери окуучулар арасында өткөрүлгөн мелдештерге катышып, ийгиликтерди багындырып келүүдө. Анын бул жолку жеңиши спорттогу чоң ийгилиги болуп саналат. Аны дене тарбия мугалими Санжар Асаналиев машыктырып, ар дайым өзүнүн кеп-кеңештерин берип, ийгиликтерге жетишүүсүнө жардам берет.

Жыргал келечекте көптү үмүттөндүргөн спортчу болуп чыгарына ишенерин билдирди.

WhatsApp Image 2018-04-25 at 07.13.09

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up