Мектепти кызыл аттестат, университетти кызыл диплом менен аяктаган Айзирек Түркияда билимин тереңдетип жатат (фото)

Мектепти кызыл аттестат, университетти кызыл диплом менен аяктаган Айзирек Түркияда билимин тереңдетип жатат (фото)

Билим АКИpress үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — аксылык Айзирек Темирбекова. Ал мектепти кызыл аттестат менен бүтүрүп, жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай алган. Ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университетин кызыл диплом менен аяктап, учурда Түркиянын Самсун шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде магистратурада акысыз окуп жатат.

Мен, Темирбекова Айзирек Ажибековна, 1995-жылы 18-февралда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Авлетим айылында жарык дүйнөгө келгем. 2001-жылы 6 жашымда аталган айылдын орто мектебинин босогосун аттадым. 11 жыл бою Асанбек Кабаев атындагы орто мектебинде билим алдым. Орто мектепти кызыл аттестат менен аяктадым. Ал убакта кызыл аттестат алуу үчүн окуудагы предметтик баалардан тышкары орус тили, кыргыз тили, Кыргызстан тарыхы жана математика сабактарынан Билим берүү жана илим министрлигинин өзүнчө сынагына кирүү керек эле. Сынактын жыйынтыгы менен Аксы районунан 2 бүтүрүүчү кызыл аттестат алууга татып, анын бири мен болдум.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги тестинен 187 упай алып, районубуздун биринчиси болдум. Ал эми кошумча тестти тарых сабагынан тапшырып, 116 упай алдым. Мектепти ийгиликтүү аяктаган соң жогорку билим алуу максатында борбор калаабыз Бишкек шаарына келдим. Оюмда юридикалык факультетке тапшырам деп, ЖРТда тарых сабагынан тестирлөөдөн өткөн элем. Бишкек шаарына келгенде бир катар университеттерге барып, тесттин жыйынтыгын тапшырып көрдүм. Юридикалык факультеттер дээрлик бардык окуу жайларда келишимдик негизде экен.

Мектепте окуп жүргөн убактарда көпчүлүк ага-эжелерден университеттердеги паракорчулук жөнүндө угуп калчубуз. Баарынан да ошол нерседен чочуладым. Ошол кезде Кыргыз–Түрк «Манас» университетине каттоо жүрүп жаткан, мен да университеттин сынагына кирип, өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Ошентип, сынакты ийгиликтүү тапшырып, «Тамак-аш инженерлиги» бөлүмүнө өттүм. Чындыгында, ал убакта мындай кесип бар экенин да билчү эмесмин. Башка университеттердин да, өзүм каалаган башка бөлүмдөрүнө өткөн элем, а бирок мен «Манаc» университетинде окууну тандадым. Анткени биринчи келгенде эле аталган окуу жайдын шарттары, жаңы, заманбап кампустары, окуу жайдын жагымдуу атмосферасы мени аябай таасирлентти, жыйынтыгында ушул окуу жайда калууну чечтим.

Кийин даярдоо курсунда окуп жүргөндө, окууга өткөн бөлүмүм тууралуу дагы да терең маалымат ала баштадым. Кесибим өзүмө аябай жагып, бөлүмүмдү кайрадан алмаштырбай, ошол тармакта билим алууну уланттым. Кыргыз–Түрк «Манас» университетин 2017-жылы «Факультет биринчиси» болуп, кызыл диплом менен аяктадым.

Акыркы курста окуп жүргөндө «Түркия стипендиялары» (Türkiye Bursları) аттуу гранттык программага тапшырдым. Сынактын жыйынтыгы менен бул программага кабыл алынып, Түркияда бекер билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Аталган программанын шарттарында жатакана, тамак-аш, медициналык камсыздандыруу, ай сайын стипендия ж.б нерселер камтылган.

Азыркы кезде Самсун шаарында 19-Май университетинде (Ondokuz Mayıs Üniversitesi) тамак-аш инженерлиги бөлүмүндө магистратурада окуумду улантып жаткан убагым. «Манас» университетинде жана Түркияда окуп жаткан бул аралыкта менин кесибимдин биздин өлкө үчүн, деги эле, бүткүл дүйнө үчүн канчалык деңгээлде маанилүүлүгүн, керектигин аңдап жеттим. Анткени бул тармак өлкө үчүн абдан маанилүү. Чындыгында, мындай кесип бар экени көпчүлүккө маалым эмес. Көпчүлүк учурларда адамдар Кыргызстанда тамак-аш инженерлиги адистигин укканда ашпозчу деп түшүнүшөт. Бирок бул тармактын ашпозчулукка такыр тиешеси жок.

Тамак-аш инженерлеринин негизги милдети, тамак азыктарынын өндүрүлүшүндө айыл чарба продукцияларынын талаадан жыйналуусунан баштап, анын иштетилүүсү, сакталуусу, ташылуусу, сатылуусу андан ары дастарконго коюлуп, адамдардын кабыл алуусуна чейинки азыктын сапатын көзөмөлдөө болуп эсептелет. Бул тармактагы адистердин эң негизги милдети калкты коопсуз жана сапаттуу тамак-аш азыгы менен камсыз кылуу болуп эсептелет. Тамак-аш инженери тамак-аш өндүрүүчү ишканаларда чийки заттын кабыл алынуусунан баштап даяр азык болуп чыкканга чейинки бардык процесстерди көзөмөлдөйт. Бул тармак адамдар азыктанган тамак-аш тармагы менен байланыштуу болгондуктан, тамак-аш инженерлиги адистиги эң жоопкерчиликтүү кесиптердин катарына кирет. Себеби керектөөчү кабыл алган тамак-аш түздөн-түз анын ден соолугуна таасир этүүчү эң негизги факторлордун бири.

Андан сырткары, тамак-аш азыктары өтө тез бузулат. Аларды сактоодо тамак-аш продукцияларынын ар бир түрү үчүн атайын белгилүү шарттар түзүлүш керек, бул бир гана сактоодо эмес, ташуу учурунда да өтө маанилүү болуп эсептелет. Магистратура үчүн Түркияны тандаганымдын эң негизги себеби да — бул жакта тамак-аш тармагы өтө жакшы өнүккөнү.

2015-жылы стаж өтүү үчүн Стамбул шаарындагы эң чоң кондитердик ишканалардын бирине келгем. Ал жерде өндүрүштөн сырткары, ишканада «изилдөө жана өнүктүрүү» бөлүмү бар эле. Бул бөлүмдө жалаң тамак-аш инженерлери иштечү. Алар улам жаңы, мурдагыдан сапаттуурак азыктарды ойлоп таап, аларды жасоо менен алектенет. Өнүккөн өлкөлөрдө ар бир ишканада ушундай бөлүмдөрдү көрүүгө болот. Алар анализдерди жасоо үчүн эң алдыңкы лабораториялык жабдыктар менен камсыздалган. Түркияда чет жактан импорттолгон тамак-аш азыктарын жолуктуруу дээрлик мүмкүн эмес.

Кыргызстанда болсо сырттан келген, жасалма, ден соолукка зыяндуу ар кандай тамак-аш азыктарын кездештирүүгө болот. Анткени мындай көрүнүштөргө, бир тараптан бул тармакты көзөмөлдөгөн адистер жетишсиз болсо, экинчи жактан өлкөбүз өзүн-өзү тамак-аш азыктары менен камсыз кыла албайт. Себеби бул тармакта адистердин таңкыстыгы бар, керектүү лабораториялар жетишсиз. Базарда сатылган тамак-аш азыктардын сапаты, коопсуздугу мамлекет тарабынан кандай деңгээлде көзөмөлдөнөт белгисиз. Түркия менен салыштырмалуу негизде айта турган болсок, бул адистикти Кыргызстандагы ЖОЖдордон 1-2 гана универитеттен жолуктуруу мүмкүн. Ал эми бул жакта ар бир университетте «тамак-аш инженерлиги» бөлүмдөрү бар жана ар бирин өзүнүн лабаротиялары бар. Ошол себептен да Түркияда тамак-аш тармагында изилдөөлөр абдан көп жасалат жана бул тармак жогорку деңгээлде өнүккөн. Биз дагы бул жааттагы кемчиликтерди жоюп, эртеби, кечпи бул кадамдарга барышыбыз керек. Мына ушул факторлордун баары бул кесипти тандоомо себеп болду окшойт.

Мен өз кесибимди сүйөм, келечекте алган билимим менен элдин сапаттуу тамак-аш азыктары менен камсыз болушуна, ошондой эле бул тармактын Кыргызстанда өнүгүүсүнө өз билимимди, тажрыйбамды жумшап, салымымды кошсом деп ниет кылам», - дейт Айзирек.

Жазган: Түркиядагы Кастамону университетинин 2-курсунун студенти НАРГИДА МАЛИКОВА.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу балдар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up