Кара-Суудагы 10 окуучу Андижандагы окуучулар менен таанышып келишти

Билим АКИpress - Кечээ, 26-апрель күнү Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы Тажиматов атындагы орто мектебинин 10 окуучусу, акимдин орун басары Мехринса Жороева жана 10 мугалим менен Андижандагы №30 мектеп менен таанышып келишти.

Райондук админстрациядан билдиришкендей, мугалимдер жана окуучулардан куралган топ Өзбекстан эл жазуучусу Мухаммад Юсуфтун 64 жылдыгына арналган кечеге катышып, андан соң №30 мектепке барышкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө аталган мекетептин окуучулары эки элдин достугуна арнап майрамдык кече уюштурушуп, концерттик программа тартуулашкан. Ошондой эле спорттук иш-чарага да күбө болушту. Соңунда окуучулар жана мугалимдер Андижан шаары менен да таанышып чыгышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up