Б.Бейшеналиева атындагы мектепте башталгыч класстын мугалимдеринин жумалыгы жыйынтыкталды

Б.Бейшеналиева атындагы мектепте башталгыч класстын мугалимдеринин жумалыгы жыйынтыкталды

Билим АКИpress - Аламүдүн районундагы Б.Бейшеналиева атындагы орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана Аймактарды өнүктүрүү жылына карата башталгыч класстардын арасында 10 күндүк жумалык болуп өттү. Анда бардык башталгыч класстардын мугалимдери жогорку чеберчиликте ачык сабактарды жана класстык сааттарды өтүштү.

26-апрелде Ы.Жамакеева 1-класска «3 санын кошуунун жадыбалы» жана К.Мийзаева 2-классына «Көбөйтүүнүн, бөлүүнүн жадыбалдарын бышыктоо» деген темаларда ачык сабактарын өтуштү. Ал эми 4-класста «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу интеллектуалдык таймаш сабагы болуп өттү. Бул сабакты аталган мектептин башталгыч классынын мугалими Сарыбаева Майрам Жумагуловна өттү. Сабакта заманбап жаңы ыкмалар колдонулду. Мындай сабактар окуучунун сабакка умтуулуусун, кызыгуусун арттырып, окуучунун ойлоо жөндөмдүүлүгүн өстүрөт, окуучулардын билим сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

Балдар 5 топко бөлүнүп, 5 предметти камтыган аралаш сабак болду. Ата-энелер да «Үй-бүлөлүк окуу» долбору боюнча топтордо балдар менен бирге иштешти. Сабакка айыл аймагынын башчысы А.Карымшаков, ата-энелер, жогорку зонанын мектептеринин башталгыч кыргыз класстарынын мугалимдери, ЖМК өкүлдөрү да мейман катары катышты.

О.Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектебинин мугалими К.Салманова, «Кут билим» гезитинин журналисти жана келген мугалимдер өтүлгөн интеллектуалдык сабакты жана башталгыч классынын мугалимдери тарабынан өткөрүлгөн ачык сабактарды жогорку деңгээлде баалашты. Балдарга Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Карымшаков тарабынан кызыктыруучу белектер тапшырылды. Ушул интеллектуалдык сабак менен жумалык жыйынтыкталды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up