Кеминдеги мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери тажрыйба алмашты (фото)

Кеминдеги мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери тажрыйба алмашты (фото)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Кемин районундагы Шабдан-Ата атындагы орто мектебинде 2018-жылдын 26-апрелинде мамлекеттик тил боюнча тажрыйба алмашуу жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Чыңгыз Айтматовдун ааламы балалыктын койнунда» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Кемин районундагы жалпы мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун төрайымы Чылабаева Айсалкын Талиповна жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Мурзалиева Асылкүл Кубанычбековна катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Тилепбергенова Күмүшай 7-класстын окуучуларына кыргыз адабияты сабагынан Ч.Айтматовдун «Эрте келген турналар» повести боюнча жана Сариева Чынара 8-класстын окуучуларына кыргыз тили сабагынан «Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү» темасы боюнча көрсөтмөлүү ачык сабак өтүштү. Ачык сабакта мугалимдер учур талабына ылайык техникалык каражаттарды жана интерактивдүү методдорду пайдалануу менен келген коноктордун көңүлүн бурду. Окуучулар активдүү катышып, ачык сабактар боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Ошондой эле адабият айдыңынын алпы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Ч.Айтматовдун ааламы балалыктын койнунда» аттуу класстан тышкаркы иш-чара өткөрүлдү. Анда таланттуу окуучулар аткаруу чеберчилиги менен Ч.Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырып, көркөм окуу жана чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Бул адабий кече жогорку класстын окуучулары менен мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Абышова Медина тарабынан уюштурулду. Катышуучулары мектептин жалпы жамаатына ыраазычылык билдиришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up