Аксы районунда быйыл жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда 12 кылмыш фактысы катталган

Билим АКИpress - Аксы районундагы Т.Уметалиев атындагы орто мектебинин жыйындар залында «Жашстан» долбоорунун демилгеси менен «Кылмыштуулуктун алдын алуу. Араккечтик» темасында иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага долбоордун түштүк аймактары боюнча серепчиси Г.Абытова, Аксы РИИБинин ЖӨИИнын башчысы, милициянын подполковниги Н.Темиралиев, РБББнүн башкы адиси И.Калыкова, Аксы райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери А.Наркулова, Кербен шаардык башкармалыгынын соц.адиси жана айыл башчылары, мектептердин соц.педагогдору, мектеп президенттери катышты.

Долбоордун Кербен шаарындагы лидерлери долбоор жөнүндө маалымат берүү менен учурдагы көйгөйлүү маселелерге токтолушту. Ички иштер бөлүмүнүн ЖӨИИнын башчысынын маалыматы боюнча, райондо жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда былтыркы жылы 4 факт катталган, ал эми быйыл, жыл жаңыргандан бери 12 факт катталды. Териштирүүлөр жүргүзүлүп, өспүрүмдөр каттоого алынды.

Кара-Жыгач аймагында окуучунун мал уурулукка тийиштиги бар фактылары катталды. Кылмышка барган балдардын көбү мигрант үй-бүлөлөрдүн балдары болуп чыгууда. Азыркы күндө район боюнча 1 миң 916 окуучу мигрант үй-бүлөлөрдүн балдары.
Кербен шаарындагы мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мугалимдер менен биргеликте кечки рейддер уюшулуп жатат.

А.Наркулова араккечтик жана анын зыяндуулугу жөнүндө айтып берди. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси И.Калыкова өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Иш-чаранын максаты — Кыргызстандагы кызыкчылыктарды изилдөө. Долбоордун серепчиси көйгөйдөн чыгуу жолдорун чогуу изилдөөгө жана аракеттенүүгө чакырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up