Кош-Дөбөдөгү мектепте райондук семинар өтүп, ага 18 мектептин мугалимдери катышты (фото)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинде «Окурман бала — гүлдөгөн Кыргызстан» аталышындагы райондук семинар болуп өттү. Ага 18 мектептин китепканачылары, директорлору жана алардын орун басарлары, мугалимдери катышты.

Иш-чаранын негизги максаты — мектеп окуучуларынын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, дүйнө таанымын кеңейтүү, коомчулуктун китеп менен байланышын жандандыруу, китептин жашоодогу ордун, маани-маңызын, кадыр-баркын көтөрүү.

Семинардын жүрүшүндө ар түрдүү багыттагы сабактар өтүлдү. Ата-энелердин колунан жасалган китептердин көргөзмөсү келген коноктордун кызыгуусун арттырды.

Жыйынтыгында семинардын коноктору жогорку баасын беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up