Жаңы-Тилек айылындагы мектепте «Алиппе» майрамын 9 гана окуучу белгиледи (фото)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Тилек айылынын Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектебинде «Алиппе» майрамы белгиленди. Бул тууралуу мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Рысбекова билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектептин 1-классынын бүтүрүүчүлөрү ата-энелерине, мугалимдерге чакан программада концерт тартуулашып, мектеби, эже-агайлары жана ата-энелери, ошондой эле мекенге болгон сүйүүлөрү туурасында көркөм ырларды окуп, ырдап, бийлеп беришти.

Бул мектепте 1-класста 9 гана окуучу окуйт жана аларга Айгерим Сайнилова «Алиппени» окутуп, тамга таанытып, билим берди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up