Ак-Талаадагы Чолок-Кайың айылынын эң мыкты мугалими аныкталды

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинде «Жыл мугалими – 2018» сынагы өтүп, жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Нуржан Курманалиев билдирди.

Маалым болгондой, аталган сынакка жалпы 14 мугалим катышып, алар «өздөрүн тааныштыруу», «сабак учурундагы көрүнүштөр», «оригиналдуу көрсөтмө куралдар», «педогогикалык жана предметтик тесттер» жана «компьютер боюнча түшүнүктөр» тапшырмаларын аткарышты.

Жыйынтыгында 1-орунду тарых мугалими Айзада Мамышова багындырды. Ал эми 2-орунду чет тили мугалими Жазгүл Касымова жана 3-орунду геогрфия мугалими Жазгүл Турапова менен кыргыз тили мугалими Бермет Ирсалиева камсыздашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up