Өзгөндө «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2018» сынагынын райондук туру өттү (фото, видео)

Өзгөндө «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2018» сынагынын райондук туру өттү (фото, видео)

Билим АКИpress - Өзгөн районунда «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2018» сынагынын райондук туру өтүп, анда К.Рыспаев атындагы орто мектебинин окуучулары жеңишке жетишип, облустук турга жолдомо алышты. Бул тууралуу Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун мугалими Дилярам Нуралиева билдирди.

Анын айтымында, сынакка 10 команда катышкан. «Өткөн жылы Өзгөндөн райондук турга 2 команда катышып, Өзгөн району эскертүү алган эле. Быйыл райондук турга жол боюнда жайгашкан мектептердин окуучулары катышты. Сынактын жүрүшүндө командалар, саптык курам, дубал гезиттер, жол кырсыгын алдын алуу боюнча көрүнүштөрдү аткарышып, акырында калыстар тобу тарабынан жол белгилери боюнча суроолорго жооп беришти. Бардык командалар жол белгилеринен кыйналышты. Бир гана К.Рыспаев атынагы орто мектебинин окуучулары 10 суроонун 8 суроосуна туура жооп берип, жеңишке жетишти. Жеңген команда облустук турга жолдомо алды», - деди Д.Нуралиева.

Сынак Ош ОИИБ жана Ош облустук балдардын чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулат. Өткөн жылы Өзгөн районуна Ош ОИИБнин жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн үгүт, үндөө боюнча тескөөчүсү Алтынбек Теңгизбаев жана Ош облустук БЧБнын директору Рахман Назаров тарабынан эскертүү берилген. Анткени Өзгөндөн райондук турга район боюнча 2 эле команда катышкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up