Кадамжайлык окуучу Белоруссиядагы химия боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль тагынды (фото)

Кадамжайлык окуучу Белоруссиядагы химия боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль тагынды (фото)

Билим АКИpress - Кадамжайдагы лицейдин окуучусу Баяман Базарбаев Минск шаарында өткөн Менделеев олимпиадасында химия сабагынан коло медаль тагынды. Бул тууралуу аталган лицейден билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, олимпиада Белоруссия мамлекеттинин Минск шаарында 23-28-апрель күндөрү өтүп, ага 22 мамлекеттен 135 окуучу катышты.

Кыргызстандан 8 окуучу катышып, алардын ичинен жалгыз Баяман коло медалга татыктуу болду.

Учурда 11-класста окуп жаткан Баяман өткөн окуу жылында да химия предмети боюнча Тайландда өткөн эл аралык олимпиадада коло медаль алып келген.

Баяман Баткен облусунун Орто-Боз айылынын тургуну. Келечекте программист болууну кыяданат.

WhatsApp Image 2018-04-29 at 22.06.55

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up