Нарында «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2018» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы М.Сыдыков атындагы орто мектебинде «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2018» облустук сынагы болуп өттү. Ага Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунан жана Нарын шаарынан райондук турда утуп келген командалары катышты.

Сынакты Облустук усулдук билим борбору менен Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздук бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Сынактын жүрүшүндө командалар саптык даярдык, жол кыймылынын белгилери, дубал гезиттерди жактоо жана тесттик суроолор боюнча тапшырмаларды аткарышты. Командалар өздөрүнүн мыкты даярдыкта экендиктерин көрсөтүшүп, берилген тапшырмаларды чеберчилик менен аткарышып, калыстардын сынынан өтүштү. Жол белгилери, эрежелери боюнча тапшырмаларды аткарышып, тесттик суроолорго жооп беришти жана саптык даярдык боюнча чеберчиликтерин көрсөтүштү. Мындан сырткары, дубал гезиттерди жактап беришти.

Жыйынтыгында Кочкор районунун командасы сынактын баш байгесин багындырды. Ал эми 1-орунду Ат-Башы районунун, 2-орунду Нарын районунун жана 3-орунду Нарын шаарынын командалары алышты.

Жеңүүчүлөр Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун, Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздук бөлүмүнүн грамоталары жана дипломдору менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up