Бишкек хареографиялык окуу жайынын директору болуп балерина Жамиля Туляева дайындалды

Бишкек хареографиялык окуу жайынын директору болуп балерина Жамиля Туляева дайындалды

Билим АКИpress - Жамиля Туляева Бишкек хареографиялык окуу жайынын директору болуп дайындалды. Ал бул кызматка мурунку директор өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арыз жазгандан кийин келди.

Жамиля Туляева 1971-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал Я.Вагонов атындагы Россия хареографиялык академиясынын балет артисти адистигин бүтүргөн. Балет тармагын жакшы билет.

Акыркы кезде Кыргыз Республикасындагы Эл аралык хареографиялык союзунун аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси болуп эмгектенип келген. Эл аралык деңгээлдеги сыйлыктардын ээси. Үй-бүлөлүү, 2 уулдун энеси.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up