Акча чогултууга болбойт! Кыргызстандык окуучулардын бүтүрүү кечесинин датасы

Акча чогултууга болбойт! Кыргызстандык окуучулардын бүтүрүү кечесинин датасы

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги мектептердеги бүтүрүү кечелеринин даталарын белгиледи. Бул тууралуу 3-майда министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

- 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билими тууралуу күбөлүктөрдү тапшыруу иш-чаралары 2018-жылдын 20-июнунда саат 10:00дө өтөт;

- 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жалпы негизги билими тууралуу аттестаттарды тапшыруу аземи 2018-жылдын 23-июнунда саат 10:00дө өтөт.

Министрликтин маалыматы боюнча, иш-чаралар мектептин аймагында гана өтүшү керек. Иш-чараларды жаратылыш койнунда же көңүл ачуучу жайларда уюштурууга тыюу салынат. Ошондой эле мектеп директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү үчүн ата-энелердин акча каражат чогултушуна чектөө боюнча ата-энелер чогулушун өткөрүү тапшырылды.

Буйрукка ылайык, мыйзамсыз акча чогултуулар үчүн класс жетекчилер, директорлор жумуштан бошотулганга чейинки жоопкерчиликке тартылышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up