Кара-Буурада «Ч.Айтматовдун чыгармаларына саякат кербени» атуу форум өттү

Кара-Буурада «Ч.Айтматовдун чыгармаларына саякат кербени» атуу форум өттү

Билим АКИpress - Кара-Буура районунда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгана арналган форум өтүп, ага райондук акимчиликтин өкүлдөрү, укук коргоо кызматкерлери, мектеп мугалимдери, окуучулар, бала бакча жетекчилери жана Ардагерлер кеңеши болуп жалпы 200 адам катышты.

Иш-чара билим берүү бөлүмү менен М.Орозбеков орто мектеби тарабынан уюштурулуп, «Ч.Айтматовдун чыгармаларына саякат кербени», «Адамга эң кыйыры — күн сайын адам болуу» темалардын алкагында өттү.

Форумдун жүрүшүндө «Манас» орто мектебинин окуучулары «Биринчи мугалим», Т.Бабанов атындагы лицейи «Кылым карыткан бир күн» чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштырышты. Ошондой эле көркөм окуп, ырларды аткарышты. Катышуучулар залкар жазуучунун чыгармаларынын тарбиялык багыттарын ачып көрсөтө алышты..

Жыйынтыгында «Ч.Айтматовдун чыгармаларына саякат кербени» Дүйшөн, Т.Айтматов, А.Токтокожоев атындагы орто мектептерине жана «Кайнар» орто мектебине ттапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up