Ат-Башыдагы билим берүү борборунун окуучулары ата-энелерге отчеттук концерт беришти

Ат-Башыдагы  билим берүү борборунун окуучулары ата-энелерге отчеттук концерт беришти

Билим АКИpress - Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылындагы Кубанычбек Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборунун мугалими окуучулары менен бирге концерттик иш-чара уюштурушту. Бул тууралуу бий ийриминин жетекчиси Фарида Дөөткулова маалымдады.

Анын айтымында, 2 жылда 1 жолу окуучулары менен чогуу жылдык отчет берип турушат.

«Мен айылдагы Кубанычбек Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборунунда бий ийриминен көп жылдан бери сабак берип келем. Биз 2 жылда 1 жолу окуучуларыбыз менен бирге ата-энелер алдында ыр-бий менен коштолгон жылдык отчетубузду берип келебиз. Учурда 46 окуучудан түзүлгөн «Маржан» бий тобум бар. Алар башка өлкөлөрдүн улуттук бийлерин бүт бийлешип, ата-энелерге жагымдуу маанай тартуулашты», - дейт ал.

Отчет «Бийлегим келет» деген ураан менен уюштурулуп келет.

Жыйынтыгында айыл өкмөт жана райондук депутаттар тарабынан бий ийриминин жетекчиси Ф.Дөөткулова Ардак грамота менен сыйланып, бардык окуучуларга сыйлоо баракчасы тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up