Өзгөндүн Алча-Башат айылындагы мектептин курулушу жанданды
Билим АКИpress - Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Алча-Башат айылындагы мектеп авариялык абалда. Жаңы курулуп жаткан 200 орундуу мектеп 2014-жылы башталып, дубалдары тургузулуп, ошол бойдон токтоп калган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева (КСДП) фейсбук социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.
«Быйыл 1 млн сом араң бөлдүрүп, курулуш иштери кайра жанданды. Бирок акча дагы бөлүнүп, мектеп тез арада толук бүтүшү зарыл. Тоолуу Жалпак-Таштын шарты оор, жолу алыс», - деди ал.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
×