Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кеминдеги мектептин окуучуларына кызыктуу маек куруп берди
Билим АКИpress - Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Н.Давлесов атындагы №3 орто мектебинде 2018-жылдын 3-майында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуш ардагери Щербакова Наталья Николаевна менен жолугушуу кечеси болуп өттү.
Учурда ардагер 92 жашта. Ал жолугушууда окуучулардын суроолоруна жооп берди. Ошондой эле согуш мезгилиндеги башынан өткөргөн кыйынчылыктары, 17 жашында согушка катышкандыгы жөнүндө окуучуларга айтып, кызыктуу маек куруп берди.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
×