Белоруссиядагы химия боюнча эл аралык олимпиадада Кыргызстандын намысын 8 окуучу коргоду (аты-жөнү)

Белоруссиядагы химия боюнча эл аралык олимпиадада Кыргызстандын намысын 8 окуучу коргоду (аты-жөнү)

Билим АКИpress - Минск шаарындагы М.В.Ломоносов атындагы Белоруссия мамлекеттик университетинде 22-майдан 29-майга чейин химия боюнча окуучулардын 52-Эл аралык Менделеев олимпиадасы болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Олимпиадага 22 мамлекет: Азербайжан, Армения, Белоруссия, Болгария, Венгрия, Грузия, Израил, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Литва, Молдова, Россия, Румыния, Хорватия, Сауд Аравиясы, Сербия, Тажикстан, Түркмөстан, Өзбекстан, Украина жана Эстония мамлекеттеринин командалары, илимий комитеттин мүчөлөрү, маселелердин авторлору, калыстар тобу, серепчи, уюштуруу комитети жана коноктор катышты.

Кыргызстандын командасын 8 окуучу түздү:
1. Базарбаев Баяман — Кадамжай «Семетей» лицейи, 11-класс;
2. Батырбеков Ильяс — Талас «Манас Ата» лицейи, 11-класс;
3. Сайткулов Шаршенали — Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи, 11-класс;
4. Камалов Айдар — «Олимп» лицейи, Ош шаары, 10-класс;
5. Чекирбаев Мирхад — Бишкек шаары, № 9 ОТК, 10-класс;
6. Мирзакимов Улукбек — Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейи, 10-класс;
7. Муратова Элина — Бишкек шаары, № 61 автордук физика- математикалык мектеп лицейи, 10-класс;
8. Осмонов Айтбек — Каракол шаары, Горький атындагы №11 гимназиясы, 10-класс.

Команданын жетекчиси — Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин химия инженерлиги бөлүмүнүн доценти, химия илимдеринин кандидаты К.Т.Салиева.

Олимпиаданын жыйынтыгында Базарбаев Баяман коло медаль тагынып, команданын калган мүчөлөрү активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттарга ээ болушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up