Ак-Талаадагы мектептин окуучулары менен мугалимдери жергиликтүү тургундарды ыймандуулукка чакырышты (фото, видео)

Ак-Талаадагы мектептин окуучулары менен мугалимдери жергиликтүү тургундарды ыймандуулукка чакырышты (фото, видео)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылындагы Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебинин окуучулары менен мугалимдери «Адеп державасын курабыз. Мекениңе түкүрбө, сөгүнбө!» аттуу акциясына чыгышып, айыл ичинде жөө жүрүш уюштурушту.

Маалым болгондой, 5-май күнү аталган мектептин мугалимдери Адила Анапияева менен Жаңыл Шырдакова тарабынан уюштурeлган акцияга мектептин окуучулары жана мугалимдери катышып, алар жергиликтүү тургундарды ыймандуулукка, адептүүлүккө чакырышып, айылды таза кармоо ар бир жарандын милдети экендигин түшүндүрүштү.

Акциянын жүрүшүндө «түкүрбө», «сөгүнбө» деп жазылган быйтыкчаларды ар бир жолуккан жашоочуга таратышып, үйлөрдүн дарбазаларына чаптап чыгышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up