Чоң-Алайдагы Ж.Бөкөнбаев мектебине мугалимдердин муктаждыктарына жараша усулдук жардамдар берилди

Билим АКИpress - Чоң-Алайдагы мектептерге текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен усулдук жардамдар берилүүдө. Тактап айтканда, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебин текшерүүнүн негизинде мугалимдердин муктаждыктарына жараша усулдук жардамдар берилди.

Райондук усулкаананын башчысы Нургүл Курбанбекова «Сабактарда сөздөрдү натыйжалуу пайдалануу ыкмалары» деген темада усулдук сабак өтүп берди. Усулдук жардам менен бирге мугалимдердин ой-пикирлери жөнүндө маалыматтар алынды. Сабакта баланын өсүп-өнүгүүсүндөгү сөздөрдүн мааниси жөнүндө да пикир айтылды. Жыйынтыгында мугалимдер Н.Курбанбековага ыраазычылык билдиришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up