Премьер-министр М.Абылгазиев Жалал-Абад шаарындагы №6 орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты (фото)

Премьер-министр М.Абылгазиев Жалал-Абад шаарындагы №6 орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты (фото)

Билим АКИpress - Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, бүгүн, 7-майда Жалал-Абад жана Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы №6 орто мектебинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.

КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев аткарылган курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Мектеп 275 окуучулук орунга эсептелип, графикке ылайык, курулуш иштери жаңы окуу жылы башталгыча жыйынтыкталышы керек.

Өкмөт башчы мектептин курулуш планы менен таанышып, окуу бөлмөлөрүн жана спорттук зал курулчу тилкени көрүп чыкты.

Премьер-министр курулуш иштеринин сапатына жана атамекендик курулуш материалдарын пайдаланууга өзгөчө басым жасоо менен мектеп курулушун жыйынтыктоону тездетүү тапшырмасын берди.

«Балдар жарык жана кенен класстрда билим алуусу кажет. Жалал-Абад шаары жаңы заманбап билим берүү мекемелерине муктаж экендигин эске алуу менен мектепти келерки Билим күнүнө карата ачуу зарыл», - деп белгиледи өкмөт башчы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up