Түркияда, Малайзияда билим алып, тажрыйба топтогон Назгүл ийгилик сырлары менен бөлүштү (фото)

Жаңылыктар | 17:13, 7-май 2018 | Жаңыртылган 16:29, 23 май 2018 | 25 658
Түркияда, Малайзияда билим алып, тажрыйба топтогон Назгүл ийгилик сырлары менен бөлүштү (фото)

Билим АКИpress үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — өзгөндүк Назгүл Абдуллаева. Ал студент кезинен ар кандай окуу программаларына катышып, чет өлкөлөрдөн тажрыйба топтогонго жетишти. Ал өзүнүн ийгилик сырлары тууралуу айтып берди.

«Чынын айтсам бул маектешүүгө сунуш болгондо көпкө ойлондум. Анткени менин пикиримди окуган адам белгилүү бир деңгээлде өзүнө маалымат же сабак ала алышын кааладым. Ошондуктан, бул маекти болочоктогу студенттерге арноону чечтим. Менин студенттик жашоомдо өз алдымча өнүгүүмө түздөн-түз таасир эткен бир нече окуу программалары жана студенттик клуб жөнүндө сөз кылмакчымын», - деген Назгүл Абдуллаева ийгилик сырлары менен бөлүштү.

«Мен 1995-жылы 24-октябрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Билим сапарым аталган айылда башталды. Осмон Жакыпов атындагы орто мектебинде 1-класстан 7-класска чейин окуп, 7-классымда атайын сынак тапшырып, Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылындагы №14 Абдулла Тангатаров атындагы гимназиясына кабыл алындым. Бул гимназияда окуу методдору, окуучуларынын деңгээли бир топ жогору болчу. Ошол билимге умтулган чөйрөмдөн таасирленип жакшы окуп, 11-классты «Окуунун мыктысы» деген медаль менен аяктадым.

Азыркы учурда Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк «Манас» университетинде батыш тилдери бөлүмүнүн англис тили жана адабияты программасынын негизинде 4-курстун студентимин. «Манас» университетин бир тууган агам аркылуу тааныдым жана интернеттен окуп, шарттары менен таанышып, тил үйрөнүүгө кызыккандыгымдан бул окуу жайды тандагам. Бул бөлүмдү аяктаган соң англис тилчи мугалим болуп, жазуу түрүндөгү котормочу, же болбосо эл аралык уюмдарда, эл аралык интернет бизнес-соода тармагында, жалпылап айтканда өз жөндөмүнө жараша каалаган тармакта иштөөгө болот.

Ал эми өзүм мугалим болууну чечтим. Анткени мага элдер менен иштөө, айрыкча, окуучулар, студенттер менен иш алып баруу жагат. Мындан сырткары, 3-курстагы методология сабагы ушул кесипти тандашыма түрткү болду.

Мындан сырткары, менин социалдык жактан өнүгүүмө жардам берген «Инсандык өнүгүү» студенттик клубу болду. Мен түркчө-англисче даярдоо курсунда окуп жүргөндө (2013-жылы) клубга мүчө болуп, иш-чараларына үзбөй катышып жаттым. «Инсандык өнүгүү» менин ар тараптан өнүгүүмө өбөлгө болду, тактап айтканда китеп менен жакын дос кылды, ар кандай өзүн өнүктүргүсү келген, билимге умтулган жаштардын чөйрөсү менен таанышып, өзүмдүн максатташ, достук чөйрөмдү кеңейте алдым. Мындан сырткары, чет мамлекетте окуп, тажрыйба топтоп келген инсандар менен жана коомубузга активдүү кызматы менен салым кошкон адамдар менен түздөн-түз баарлашуу семинарларына катышып, өзүмө мотивациялык сабак алуума шарт түзүп берди. Чет өлкөлөргө чыгып, тажрыйба топтоп, окуп келишиме ушул клубдун уюштурган семинарлары дем-күч болду. Эң негизгиси, жаңыдан студенттик жашоосун баштаган студенттер үчүн эң зарыл болгон баалуу семинарларды, тренинг сабактарды уюштуруу менен бул клуб туура багыт көрсөтөт.

Жаңыдан кадам таштап жаткан студенттерге ар кандай студенттик клубдарга мүчө болуп, активдүү жашоо образын түзүүнү жана ыктыярчылык менен да алектенишин сунуштайм. Эгер кайда ыктыярчы болууну билбесеңиз студенттик клубдарга, кайрымдуулук фонддорго барып, өз сунушуңузду айтсаңыз болот. Же болбосо эл аралык «АЙСЕК» (AIESEC) жаштар уюму эң сонун мүмкүнчүлүк.

Менин келечектеги кесибим мугалим болгондуктан, көбүнчө өз кесибиме байланыштуу мүмкүнчүлүктөрдү издейм. Мисалы, Бишкек шаарындагы Cambridge Silk-Road эл аралык мектебинде ыктыярчы катары иштөөнү өзүм сунуштап, 2 жолу педагогикалык практикаларымды ошол мектептен өткөм. Ал мектепте 2 ай бою америкалык мугалимдердин сабактарына катышып, алардын сабак өтүү методдору менен тааныштым, окуучуларга өзүмдүн практикалык сабактарымды өттүм.

Мындан сырткары, студенттик жашоомдо семинар-тренинг, практикадан топтогон билимимди «АЙСЕК» уюму аркылуу Түркиянын Измир шаарындагы Йашар университетинде (Yaşar üniversitesi) «AIESEC Turkey» филиалы тарабынан түзүлгөн окуучуларга арналган 2 айлык жазгы лагеринде ыктыярчы болуп иштедим. Бул менин биринчи өз алдымча чет өлкөгө болгон билим сапарым болчу. Түрк окуучуларынын англис тилин өнүктүрүүгө жардам берген бул жайкы лагерде дүйнөнүн 45 өлкөсүнөн келген башка ыктыярчылар менен бирге англис тилинен сабак өтүп, сүйлөшүү үчүн практикалык клубдарды уюштуруп (Talking Club), ар кандай шартта окуучулар менен иштөөнү үйрөндүм. Программанын жүрүшүндө ар бир ыктыярчы өз өлкөсүн таанытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргызстан жөнүндө чакан презентация даярдап, окуучуларга жана башка өлкөдөн келген ыктыярчыларга өлкөбүз тууралуу айтып бердим.

Программанын башында «Кыргызстан» деген сөздү араң айтып жаткан досторум презентациядан соң мекенибизге суктанып, быйыл түркиялыктар менен чехиялыктар Кыргызстанда конок болуп, кооз табиятыбыз менен таанышып кетишти. Ошондой эле Измирде түрк үй-бүлөсүндө жашадым, ал жактан түрктөрдүн жашоо маданияты жана ашканасы менен жакындан таныштым. Өз салттары менен тааныштыруу үчүн алар мени туугандарынын ар кандай той-мааракелерине ээрчитип алышчу. Азыркыга чейин алар менен байланышып турам.

Бул программага 1-2-3-4-курстардын студенттери катыша алат, бирок мен студенттердин 1-2-курстарда тапшырышын сунуштамакмын, анткени чет өлкөдөгү тажрыйбалар канчалык эрте болсо, дүйнө таанымы ошончолук эрте өзгөрүп, окууга болгон умтулуу күч алат.

Малазиядагы «TALC» маданият жана тил программасы (language and Culture program) — 3 айлык Малайзияда окуу программасы. Ага 18 жаштан 30 жашка чейинки баардык жаштар катыша алышат. Бул программа Түрк мамлекети менен Малайзиянын ортосунда түзүлгөн окуу программасы. Анын максаты — дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы жаштарды бир аралга алып келип, тил курстарын окутуу, ошондой эле бири-биринин маданияты менен тааныштырып, ар кандай стереотиптерди жокко чыгарып, идея алмашууга шарт түзүп берүү.

Менин пландарымдын ичинде Малайзияга баруу бар болчу, ошондуктан ар кандай программаларды издеп жүрүп «TALC» программасына тапшырып, 100% стипендия утуп алдым. Ал жакта 3 ай акысыз окууга мүмкүнчүлүк алдым. Программа Альбухари Эл аралык университетинде болду. Бул университетте эл аралык деңгээлдеги эң чоң китепкана жана дарсканалар бар.

Программанын жүрүшүндө «IELTS» тестине даярдоо курсун окудум. Анда жумасына 5 күн Англиядан келген мугалимдерден жана Малайзиялык окутуучулардан сабак алдык. Ар кандай улуттагы студенттер менен бир тайпада окуу, алар менен тил табышып кетүү мен үчүн оңой жана кызыктуу болду. Анткени бул менин максаттарымдын бири болгондуктан, моралдык жактан даяр болчумун. Класс жетекчим англиялык Мисс Зара мүмкүн болушунча өз билими жана тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал мен үчүн эң чоң мотиватор болчу.

Ошондой эле «Маданияттар арасындагы өз ара мамиле» аталышындагы ар кандай семинар-тренингдер жумасына 2 жолудан болуп жатты. Бул программа окутуу менен гана чектелбестен, ар кандай маданияттар арасындагы мелдештер, маданият кечеси (Culture Night), поэзия кечеси, дебаттык программалар жана сүрөт сынактарды камтыган программалар менен коштолду. Кыргызстандык студенттер Маданият кечесинде өз өлкөбүздү таанытуу максатында мелдешке катышып, 30дай өлкөнүн ичинен 1-орунду багынтып, Кыргызстаныбызды татыктуу тааныттык деп ойлойм. Андан сырткары, Малайзиянын укмуш жаратылышы менен таанышуу үчүн аралдарда саякаттоого да шарт түзүлдү. Ишемби жана жекшемби күндөрү бош болгондуктан, Малайзиянын башка шаарларына саякат кылдык. Чет өлкөгө чыкканда саякат кылуу, жаңы жерлерди көрүү соода түйүндөрүндө шопинг кылып, жатаканада уктап убакыт өткөрүүгө караганда алда канча пайдалуу экенин белгилеп, досторума да келечектеги билим сапарында колдонуу үчүн сунуш кылам..

Малайзияда өткөргөн 3 ай мени окуу менен саякатты жана жекече өнүгүүнү айкалыштырып, жемиштүү убакыт өткөрүүмө жана мындан ары да жаңы идеяларга, чоң максаттарыма жетишиме шарт түздү.

Азыркы учурда ушул таттуу студенттик жашоо менен кош айтышуу учуруна келип турам. Бирок алдыда дагы окуумду улантып, АКШда магистратура окууну максат кылып жатам. Англис тили мугалими болууну көздөп, татыктуу сабак берүү үчүн Америкада окуп келгим келет. Жаңыча методиканын негизинде билим берүү биздин системабызга керек экенин түшүндүм. Ошондуктан өз салымымды кошуу максатында Америкадагы City University of New York окуу жайына документтеримди жөнөтүп, жооп күтүп жаткан мезгилим.

Созумдун аягында бардык абитуриенттерге жана студенттерге ийгилик каалайм жана студенттик жашоосунда талыкпай эмгектенип, тил үйрөнүп, ар түрдүү иш-чараларга катышып, ийгиликтүү болушуна тилектешмин. Ошондой эле ар кандай эл аралык жана жергиликтүү окуу программалары жөнүндө ар дайым кыргызча, орусча маалыматка ээ болуп туруу үчүн Фейсбук социалдык тармагында атайын студенттер үчүн маалыматтарды бөлүшкөн баракчаларга жазылууну сунуш кылам. Мен өзүм жазылган баракчалардын бир нечесин маалымат үчүн белгилей кетейин:

https://www.facebook.com/PCESinKyrgyzstan/

https://www.facebook.com/Scholarships.com.pk/

https://www.facebook.com/YouthOpportunities/

Бул параграф Малайзиядагы окуу программасына кызыккан студенттер үчүн.

«TALC» программасына катышуу учун онлайн арыз жиберилет. Ал арыздын ичинде өзүңүз жөнүндө маалыматтарды көрсөтүүңүз керек. Мисалы, аты-жөнүңүздөн сырткары, GPA университеттеги орточо балыныз, ушул убакка чейин кандай иш-чараларга катыштыңыз, кандай сертификаттарга ээ болдуңуз (конференция, семинар, тренинг, ыктыярчылык, окуудагы жетишкендиктер ж.б) жана мотивациялык кат (бул катта эмне үчүн бул программага тапшырып жатасыз, так максатыңыз жана бул программага эмне бере аласыз, жана эмне күтөсүз, эгер өтүп калсаңыз алган билимди кайда, кантип колдоносуң деген суроолорго жооп камтылышы шарт, 250-300 сөздөн жогору). Дагы башка суралган маалыматтарды толтуруп жибересиз. Эгер сиздин көрсөткөн маалыматыңыз жана мотивациялык катыңыз чындап эле программанын талабына жооп берсе жана сиз чындап эле ошол программа издеп жаткан студент болсоңуз сизди 2-этапка — англис тили боюнча онлайн тестке чакырат. 3-этап — Скайп аркылуу онлайн-маек. Ал эми 4-этапта кайрадан онлайн тестирлөө (англис тили боюнча). Ошентип, программага кабыл алынган студенттердин жыйынтыгын жарыялашат. Андан соң ким канча пайыздык стипендияга ээ болгонун кабарлайт.

Жогоруда айтылган кабыл алуу процесстердин негизинде 100%, 75%, 50% стипендия бөлүнөт. Эгер студент 100% стипендия утуп алса, анда катышуучунун учак билети жана жатакана, тамак-ашы программа тарабынан камсыздалат. Эгер 75% болсо, анда келиш же кетиш билетин же болбосо тамак-аш, жатаканасынын бирин студент өзү каржылайт. Ал эми 50% стипендияга ээ болсо, анда учак билетинин келиш же кетишин өзү каржылайт. Кыргызстандан катышып, бул программага кабыл алынган студенттердин баары 100% стипендия менен барып келдик.

Программага кабыл алуу ар жылы май айларында башталат, бирок бул жылы «TALC language and culture» программасы Малайзияда эмес, башка өлкөлөрдө улантылары жарыяланды. Кененирээк маалыматты http://mentalik.com/ шилтеме аркылуу алууга болот жана бул прораммага катышкысы келген абитуриенттерге жардамымды аябайм», - деп айтып берди ал.

Назгүл үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.

Жазган: Түркиядагы Кастамону университетинин 2-курсунун студенти НАРГИДА МАЛИКОВА.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу балдар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up