Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун согуш мезгилиндеги каттары калыбына келтирилди (фото)

Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун согуш мезгилиндеги каттары калыбына келтирилди (фото)

Билим АКИpress - Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасы Улуу Жеңиш күнүн утурлай, Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги үй-бүлөсүнө жана айылдаштарына жазган 2 катын калыбына келтирди.

Каттардын эскилиги жетип, тамгалары жакшы көрүнбөй калган. Латын тамгасы менен жазылган каттардын согуш башталганда жана согуш учурунда жазылгандыгы толук реставрациядан өткөн соң ырасталган.

БИКтин директору Ширин Ибраимова каттарды калыбына келтирүү абдан эле кыйынчылык туудурганын белгилеп өттү.

«Каттарды реставрациялап берүү өтүнүчү менен бизге Д.Шопоковдун мемориалдык музейинин жетекчиси кайрылган. Ал кишинин кыргыз элинин баатыр уулуна жана өз элине жасаган патриоттук мамилесин урматтап, илимий китепкананын калыбына келтирүү боюнча лабораториясында өтүнүчүн орундатып бергенге аракеттендик. Алды менен каттардын түп нускаларынын көчүрмөлөрүн жаап алып, мазмунун чечмелөө үчүн ошол көчүрмөлөр менен иштедик. Ал эми ошол нуска каттардын азыркы абалын мындан ары да көп убакытка сактоо максатында бизде ойлоп табылган «Джибгин» препараты менен иштеп чыктык. Каттардын калыбына келтирилгендери да дагы көп жылдарга чейин сакталат», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up